АК-СУУ Лейлек районундагы суу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АК-СУУ ‒ Лейлек р-нундагы суу, Сыр-Дарыянын сол куймасы. Уз. 93 км, алабынын аянты 1170 км2. Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы Ай-Көлгө жакын жерден башталып, адегенде тереӊ ж-а кууш капчыгай аркылуу түш.-батышты карай агып, андан кийин түндүктү көздөй бурулуп, Фергана өрөөнүнө чыгат. Жогорку агымы Зардалы деп аталат. Ири куймалары: Сумбула, Дакат-Суу ж. б. Майда кирип, июлда ташкындайт да, октябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 3,81 м3/сек; эӊ көбү ‒ 13,6 м3/сек, эӊ азы ‒ 1,17 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Андарак кыш., Нау ш. (Тажикстан)  жайгашкан.