АЙЮБ ХАН МУХАММЕД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:01, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЮБ ХАН МУХАММЕД (14. 5. 1907, Харипур ш. – 19. 4. 1974, ошол эле жер) – Пакистандын Президенти ж‑а Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы (1958–69). Алигарх мусулман университетин, Королдордун аскерий окуу жайын бүтүргөн. Айюб хан 1947‑ж. Чыгыш Пакистан (азыркы Бангладеш) Куралдуу Күчтөрүн түзгөн. 1951‑ж. Пакистан армиясынын башкы командачысы, 1954–56‑ж. Коргоо министри, ички иштер министри болуп иштеген. 1958‑ж. аскер төңкөрүшүнөн кийин аскер режиминин башында турган. Экинчи Пакистан конституциясын кабыл алууга аракет жасап, демокр. укуктарга чектөөлөрдү киргизген. 1969‑ж. саясий оппозициянын күчү м‑н отставкага кеткен.