АЙЫПТОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:58, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЫПТОО – тиешелүү мамл. органдардын мый­замда белгиленген чекте жазык укугу б‑ча күнөөлүү адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу. КРдин мыйзамдарына ылайык, А‑нун үч түрү бар: мамл., коомдук ж‑а жекече А. Мамл. A‑ну сот кылмыш ишин карап жаткан учурда, мыйзамда каралган чекте прокурор тарабынан жүзөгө ашырылат. Коомдук А. ошол кылмышка тиешелүү коомдук уюм тарабынан айыпталат. Жекече А. жабырлануучунун өзү же анын өкүлү тарабынан кылмыш кылган адам­ды кылмыш жоопкерчилигине тартуу б‑ча коюлат.
А. Арабаев.