АЙЫЛ ЧАРБАСЫН АДИСТЕШТИРҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:08, 27 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЙЫЛ ЧАРБАСЫН АДИСТЕШТИРҮҮ– эмгек­тин коомдук бөлүнүшүнүн бир түрү. Ал өн­дүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуунун зарыл шарты болуп эсептелип, ил.-тех. прогресс­ке, жердин күрдүүлүгүнө, тармактардын өз ара шайкеш, ийкемдүү болушуна, өндүргүч күч­төрдүн өнүгүшүнө ж‑а тигил же бул аймактын табигый‑климаттык шарттарына байланыштуу. Адистештирүүнүн деңгээли жалпы өндүрүлгөн продукциянын ичинде басымдуулугу же негиз­ги товардык продукция, айдоо аянтынын структурасы ж. б. көрсөткүчтөр м‑н аныкта­лат. Адистештирүү аймактык, тармактык ж‑а чарбалык болуп бөлүнөт. Аймактык адистеш­тирүү – а. ч‑нда коомдук эмгектин аймактар б‑ча бөлүнүшү же бир аймакта а. ч. продукцияла­рынын айрым түрлөрүнүн басымдуу өндүрүлүшү ж‑а товардык продукцияда анын басымдуулу­гу. Тармактык адистештирүү – коомдук эмгек­тин тармактар б‑ча, ар бир тармак ичинде да бөлүнүшү. Чарбалык адистештирүү – тигил же бул чарба жүргүзүүчү субъектте а. ч. тармакта­рынын айрым түрүнүн басымдуу өнүгүшү.

А. С. Ажыбеков.