АЙЫЛ ЧАРБА МЕТЕОРОЛОГИЯСЫ
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
агрометеорология– метеорол. кубулуштар м‑н айыл чарба өндүрүшүнүн объектилери ж‑а процесстери ортосундагы өз ара байланыш ж‑дөгү илим. Аба ырайы, топурактын нымдуулугу м‑н темп‑расы, кардын түшүшү ж‑а анын калыңдыгы, жер тоңунун тереңдиги ж. б. метеорол. шарттар а. ч. өндүрүшүнө түздөн‑түз таасир этет. Ошондуктан А. ч. м. айыл чарбасынын талабына ылайык изилдөөлөрдү жүргүзүп, агрометеорол. прогноздоо жолдорун белгилеп, өндүрүштүк мекемелерге жардам берет. Байкоолор метеорол. станцияларда ж‑а постордо жүргүзүлөт.