АЙШАБҮБҮ КҮМБӨЗҮ
АЙШАБҮБҮ КҮМБӨЗҮ – о. кылымга (12‑к.) таандык арх‑ралык эстелик. Казакстан Респ-нын Жамбыл обл‑нун Тараз (мурунку Жамбыл) ш‑на жакын жердеги Айшабүбү айылында жайгашкан. Бул көөнө эстеликти алгач 1897‑ж. В. А. Каллаур, кийин 1938–39‑ж. А. Н. Бернштам, 1953‑ж. Казакстан ИАнын археол. тобу изилдешкен. Сырткы көрүнүшү төрт чарчы келип, бурчтары мунара сыяктуу жумуру (түркүк сымал) ж‑а бийик, төбөсү кумпа (казанбак сымал салынган). Күмбөз бышкан кыштан курулуп, маңдай жагы ар кандай айбанаттардын сүрөттөрү ж‑а оймо‑чиймеленген жазуулар м‑н кооздолгон. Айшабүбү белгилүү тарыхый инсан – Карахандын аялы болгондуктан, күмбөздү Карахан салдырткан деген маалыматтар да бар. А. к. Казакстан Респ‑нын тарых ж‑а мад‑т эстеликтеринин тизмесине киргизилип оңдолуп, калыбына келтирилип, мамл. корукка алынган.
Ш. Керимова.