АЙТБАЕВ Таштемир

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:33, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) (Kerimova-59 moved page АЙТБАЕВ to АЙТБАЕВ Таштемир) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЙТБАЕВ Таштемир Сыдыгалиевич (27.11.1943‑ж.т., Нарын обл., Ак‑Талаа р‑ну, Тоголок Молдо айылы) – генерал‑лейтенант (2000). Москвадагы Бауман атн. тех. жогорку окуу жайын (1967), Алматы Жогорку парт. мектебин (1981) бүткөн. 1961–62‑ж. Москва ш-­ндагы И. А. Лихачев атн. з‑ддо слесарь‑ширетүүчү, 1967–82‑ж. Кыргыз ССР жерг. өнөр жай министрли­гинин пластмасса буюмдар з‑дунда улук конструктор, башкы технолог, комсомол­дун Свердлов райкомунун экинчи, Биринчи май рай­комунун биринчи, Кырг‑н ЛКЖС Бишкек шааркомунун 2‑секретары, Кырг‑н ЛКЖС БКнын инструктору, үгүт‑насыят б‑ча секретары, 1‑секретары,1982‑86‑ж. СССР Мамл. коопсуздук к‑ти­нин улук инспектору, Кыргыз ССР Мамл. кооп­суздук к‑тинин төрагасынын орун басары, 1‑орун басары, 1986‑95‑ж. Кырг‑н КП Ош обкомунун өнөр жай‑транспорт, социалдык‑экономика бөлүмдөрүнүн башчысы,
АЙТБАЕВ4.png

Ош облустук элдик кон­троль к‑тинин төрагасынын милдетин аткаруу­чу, Кырг‑н КП Нарын обкомунун 1‑секретары, Кырг‑н КП БКнын секретары, «Кыргызавтосер­вис» мамл. акционердик коомунун генералдык директорунун орун басары, вице‑президенти, 1995–99‑ж. КРдин Ички иштер министринин орун басары, 1999–2000‑ж. КРдин Улуттук кооп­суздук министри, 2000–02‑ж. КРдин Ички иш­тер министри, 2002–05‑ж. КРдин Юстиция ми­нистринин орун басары, 2005–06‑ж. КРдин Улут­тук коопсуздук кызматынын төрагасы, 2006‑жылдан «Кыргызпромкурулушбанк» ачык акционердик коомдун төрагасы. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты (1975–90). «Ардак Белгиси» ордени м‑н сыйланган.