АЙМАНОВ Шакен Кенжетай уулу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:57, 25 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙМАНОВ Шакен Кенжетай уулу (5. 2. 1914, Павлодар обл., Барнаул р‑ну, Айман‑Булак айы­лы – 24. 12. 1970, Москва) – казак актёру, режиссёр, казак профессионалдык кино искусство­суна негиз салуучулардын бири. СССР эл артисти (1959), Казак ССР мамлекеттик сыйлыгынын (1965), СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1968, 1979) лауреаты. Се­мейдеги мугалимдер пед­техникумунда окуп жүр­гөндө Алматыдагы Казак драма театрына чакыры­лып, 1933‑ж. кабыл алынган. Театр сахнасында Коб­ланды (М. Ауэзов, «Коб­ланды»), Кодар (Г. Мүсрепов, «Козу Көрпөш ­Баян сулуу»), Алдар көсөө (Ш. Кусаинов, «Ал­дар көсөө»), Исатай (И. Жансүгүров, «Исатай ­Махамбет»), Кассио (У. Шекспир, «Отелло»), Тихон (А. Островский, «Таланттар м‑н табынуу­чулар»), Кидц (Б. Лавренов, «Америка добу­шу»), Хлестаков (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Пет­руччио (У. Шекспир, «Азоого чалма») сыяктуу классикалык ролдорду аткарган. «Мылтыкчан киши», «Абай», «Намыс соту» пьесаларын сах­нага чыгарып, алгачкы режиссёрлук кадамын баштаган. 1951‑56‑ж. Казак драма театрынын башкы режиссеру болгон. Ал койгон «Абай» спек­таклине СССР мамлекеттик сыйлыгы берилген (1952). Абайдын акындык талантына таасирленип өскөн Айманов кийин улуу акын тууралуу фильмге катышкан. Өнөр сапары м‑н эл арасында болуп, кинофестивалдарда, симпозиумдарда Жан Шабен, Жан Марэ, Лоуренс Оливье, Софи Лорен, Радж Капур, Френк Копра сыяктуу кино-

АЙМАНОВ59.png

жылдыздар м‑н жолугушкан. «Абай ыры» (реж. Г. Рошаль, 1945), «Жамбыл» (реж. Б. Дзиган, 1947) фильмдери аркылуу кино өнөрүнүн сырын терең түшүнүп, 1958‑70‑ж. «Казакфильм» сту­диясынын көркөмдүк жагын башкаруу м‑н казак кино өнөрүнүн өркүндөшүнө чоң үлүш кошуп, романтикалык‑патриоттук мектептин негизин түздү. А. Казакстан кинематографисттер союзу­нун башкармасынын туңгуч секретары болгон. Каир ш‑нда өткөн Азия ж‑а Африка элдеринин ж‑а Москва шаарында өткөн эл аралык кинофести­валдарга катышкан. «Тоо хрусталы» аттуу филь­ми 1967‑ж. Дүйшөмбү шаарында өткөн Казакстан ж‑а Орто Азия республикаларынын эл аралык фе­стивалында биринчи байгеге ээ болгон. «Маха­бат тууралуу баян» (1953), «Алдар көсөө» (1965), «Ата мекен» (1966), «Биздин сүйүктүү доктор» (1958), «Такыялуу периште» (1958), «Атаман­дын акыры» (1970) фильмдерин койгон. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери м‑н сыйланган. Алматы шаарынын бир көчөсүнө (1972) ж‑а «Ка­закфильм» студиясына (1984) ысмы берилген. Ал жашаган үйдө ж‑а киностудияда музейи уюштурулган (1971).
Ад.: Сиранов К. Шакен Айманов – актёр и режиссёр кино. А.-А., 1970; Кенжетаев К. Даркан­дарын. А.-А., 1975; Беркович М. Шакен Айманов. А.-А., 1976. Н. Жылдызова.