АЙЛАНМА КАРАЖАТТАР
Jump to navigation
Jump to search
АЙЛАНМА КАРАЖАТТАР – айланма фонддордун ж‑а жүгүртүү фонддорунун акчалай туюнтмасы. А. к‑га өндүрүш запастары, бүтө элек өндүрүш, даяр продукция, накта акча каражаты ж‑а эсептеги каражат кирет. Кайталап өндүрүү процессинде А. к. бир эле учурда өндүрүш
чөйрөсүн ж‑а жүгүртүүнү камтуучу өндүрүш фонддорунун түрдүү баскычтарында ж‑а түрдүү формасында айланат. Калыптануу булактарына жараша А. к. өздүк ж‑а насыя болуп бөлүнөт.