«АК ЧӨЛМӨК»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 ‒ түн ичинде ойнолчу улуттук оюн. Көбүнчө жылкынын бакайы же жонулган жыгач А. деп аталат. Ойноо тартиби: жаштар 2 топко бөлүнөт. Тандалып алынган түз жердин бир четине А. ыргытылчу мара белгиленет. Ыргытылган А-түн кайсы жерге түшкөнүн баамдоого 2 жак теӊ даяр турушат, түшөр замат ал жакка бардыгы жапырт чуркашат. Оюндун максаты: А-тү биринчи таап, каршы жакка тарттырбай, буйтай качып же жазгырып, өнөктөрүнүн бирине улам бере салып, марага алып келүү. Каршы тарап аны аябай талашып, сууруп алып, ала качууга аракеттенет. Кээде талашуу узакка созулат. Адатта А-тү балдардын «көк бөрү» деп да коюшат. А-тү алып келген жак кайра ыргытат. А-тү марага көп алып келген тарап жеӊүүчү болот. А. ‒ жаштарды шайдооттукка, ийкемдүүлүккө, кыраакылыкка тарбиялоочу элдик оюн.