АЗОТ КИСЛОТАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:34, 24 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЗОТ КИСЛОТАСЫ, HN03 – бир негиздүү күчтүү кислота. Түссүз суюктук, тыгыздыгы 1,5 г/см3, кайноо t 86°С, суу м‑н жакшы аралашып, азеотроптук аралашманы пайда кылат. Суусуз таза А. к. абада түтөйт. Анын туздары жалпысынан нитраттар, ал эми Na, К,Са, NH4 туздары селит­ралар деп аталат. Күчтүү окистендиргич. Кон­цент. А. к‑нда металлдардын баары (алтын, пла­тинадан башка) окистенет. Концент. бир көлөм (63% түү) А. к. ж‑а үч көлөм туз к‑тасынын ара­лашмасы «падыша арагы» деп аталат да, мын­да алтын ж‑а платина металлдары эрийт. Өнөр жайда аммиакты катализатордун катышуу­сунда окистендирүү м‑н алынат: 4NH3+502= =4N0+6H20: 4N02+02+2H20=4HN03. Лабор. шартта концент. күкүрт к‑тасын нитраттарга та асир этүүдөн алынат: NaN03+H2S04=NaHS04+ +HN03. Өнөр жайда А. к. боёкторду, жарыл гыч заттарды, азот жер семирткичтерин ж‑а А. к‑нын туздарын алууда, металлдарды (жез, коргошун, кумуш) эритүүдө, алтын м‑н күмүштү рудадан ажыратууда колдонулат.