АЗОТ
Jump to navigation
Jump to search
АЗОТ (Nitrogenium), N – элементтердин мезгилдик системасынын V тобунан орун алган хим. элемент. Ат. н. 7, ат. с. 14,0067. Кадимки шартта түссүз, жытсыз ж‑а даамсыз газ. Абадан бир аз жеңил, эрүү t 209,86°С, кайноо 1195,3°С, тыгыздыгы 1,2506 кг/м3.1772‑ж. Д. Резерфорд ачкан. Жаратылышта эркин ж‑а кошулма түрүндө кездешет. Жер кыртышынын 0,04%ин түзөт. Эркин А. абанын 78,16% курамын ээлейт. Жаратылышта чили селитрасы түрүндө таралган. Жаныбар белогунун 1617%ин түзөт. Таза A‑то жаныбарлар жашай албайт. Бирок ал тиричилик үчүн эң керек элемент. Кычкылтекке караганда сууда аз эрийт, күйүүгө жардам бербейт. Көмүртек, суутек ж‑а кычкылтек м‑н кошулуп, белок заттарын пайда кылат. Жаратылышта эки изотобу 14N (99,635%) ж‑а 15N (0,365 %) бар. Анын молекуласы бири‑бири м‑н коваленттик үч байланыш аркылуу бириккен 2 атомдон турат. Ошондуктан молекуласы хим. жактан туруктуу, жогорку темп‑рада гана металлдар м‑н нитриддерди, кычкылтек м‑н азот окистерин (NO, N02, N20, N2Os, N2Os), суутек м‑н катализатордун катышуусунда NH3тү пайда кылат. Галогендер м‑н реакцияга түздөн‑түз кирбейт. А. лабор‑да аммоний нитритин жогорку темп‑рада ысытуудан NH4N02=N2+2H20, өнөр жайда суюк абаны буулантып айдоо жолу м‑н алынат. Негизинен аммиакты синтездөөдө, азот к‑тасын, жер семирткичтерди, жарылгыч заттарды алууда колдонулат. Эркин А. хим. ж‑а металлургиялык процесстерде инерттүү чөйрө түзүүдө, термометрлердин боштук аралыгын толтуруу ж‑а төмөнкү темп‑pa алууда пайдаланылат.