АЗЕРБАЙЖАН ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:14, 21 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗЕРБАЙЖАН ТИЛИ (азери) – Азербайжан Республикасынын мамлекеттик тили; жергиликтүү калктын ж‑а Иран, Ирак, Афганистан, Грузия, Армения, Дагестан ж‑а Орто Азия республикасында жашаган азербайжандар­дын тили. Түрк тилдеринин түштүк батыш же огуз тобуна кирет. 7‑11‑кылымдарда түрк тилдүү уруулар­дын (огуз, селжук) Азербайжан жерине кели­ши м‑н жергиликтүү элдердин мурда колдонгон тилде­ри сүрүлүп, 11‑13‑кылымдарда жергиликтүү элдердин оозеки тили түрк тили болуп, ал азербайжан адабий тили катары калыптана баштаган. Азербайжан тилинде 4 диалек­тилик топ белгиленет: чыгыш тобу, түштүк тобу,

АЗЕРБАЙЖАН ТИЛИ27.png

батыш тобу, түндүк тобу. Азербайжан адабий тили шемахи ж‑а бакы диалектилеринин неги­зинде 19‑кылымда калыптанган. Азербайжан тилинин өзүнүн грам­матикалык лексикалык белгилери б‑ча азыркы түрк, түркмөн, гагауз, б. а., огуз тобундагы тилдерге жакын. Кээ бир фонетикалык өзгөчөлүктөрү б‑ча ногой, кумык, өзбек тилдери м‑н да жа­кындашат. Азербайжан тилинде 9 үндүү, 23 үнсүз тыбыш бар. 1929‑ж. чейин араб графикасын колдонгон, ошол жылдан латын, э, ө, ү тамгаларын кошумчалап, 1940‑ж. орус графикасына өткөн. Азыр кайрадан латын графикасын колдонушат.