АЖО
АЖО – кытай булактарында эскерилген о. кылымдардагы кыргыз өкүмдарынын бийлик титулу. Айрым синологдор A‑ну «Ажэ» деп чечмелешип, ал монгол доорундагы кыргыз журт башчыларынын өкүмдарлык титулу «инал» маанисин туюнтат деп эсептешет. А‑нун башкаруу бийлик мерчеми 9‑к‑дын баш ченинен 847‑ж. аралыгын камтыйт. Буга чейин ж‑а андан кийинки мезгилди баяндаган кытай жазма булактарында «А.» аталышы кездешпейт. Кыязы, ушул кыска аралыкта Кыргыз мамлекетинин тышкы саясий даражасын даңазалатып, жакынкы коңшу өлкөлөр аны м‑н эсептешкидей абалга жеткирген өкүмдарды калк кадырлап, «А.» деп атаса керек. А. кышында суусар бөрк, жайында төбөсү бийик шуштугуй, кырбусу кайрылып, жээги алтын м‑н кыргакталган баш кийим кийген. Ал Кыргыз мамлекетин ийкем жетектеп, бирден‑бир душманы болгон Уйгур кагандыгынын бийлигинен куткарган. Уйгурлардын алсырап баратканын сезген А. өзүн каган, түргөш тектүү жесир энесин – ханыша, насили карлук аялын – ханайым деп жарыялаган. Буга каарданган уйгур каганы кыргыздарга каршы ийгиликсиз аяктаган жортуул уюштурган ж‑а бул эки мамлекеттин ортосундагы согуш 20 жылга жакын созулган. 840‑ж. А. 100 миңдей аскерин баштап, Уйгур кагандыгын басып алган. Ошол мезгилде Кыргыз мамлекетинин күч‑кубаты артып, анын аскерлери чыгыш Маньчжурия, батыш Теңир‑Тоого чейин жеткен. Кыргыз калкынын бир бөлүгү батышка оогон ж‑а алар кийин азыркы кыргыз этносун түптөөгө негиз болушкан. «Ай деген ажо жок, кой деген кожо жок» деген ылакап кеп ошол замандан калган болсо керек.
М. Кожобеков.