АДРЕС
АДРЕС (фр. adresse – багыттоо) – 1) адамдын жашаган ж‑а мекеменин, ишкананын, уюмдун турган жери; 2)информатикада– ЭЭМдин эс облусун (регистр, уяча, бет ж. б.), анын сырткы түзүлүшүн же информ., эсептөө тармактарынын түйүндөрүн аныктоочу сан же символдук белгилөө; ЭЭМде маалыматтын жайгашуу ордун аныктоочу код. А‑тин түрлөрү: чыныгы А. [уячалардын (блоктун, түзүлүштүн) номуруна туура келген конкреттүү коддор]; салыштырма А. (өзгөчө тандалган айрым уячадан, көбүнчө анын буйруктары сакталган эстин уячаларынан баштап эсептелген эс уячаларынын номуру); символдук А. (программалоодо ыңгайлуулук үчүн колдонулган А‑тин шарттуу белгилениши). А. машинада уячаларга туура келүүчү кайрылууну камсыз кылган башкаруучу сигналдар системасына дешифратор м‑н өзгөртүлөт. Дешифраторго келгени аткаргыч А., ал эми ЭЭМдин эсинен алынуучу буйруктардын курамындагысы баштапкы же жөн эле А. деп аталат.