АДМИРАЛТЕЙСТВО АРАЛДАРЫ
Jump to navigation
Jump to search
АДМИРАЛТЕЙСТВО АРАЛДАРЫ – Тынч океандагы аралдар тобу. Жанар тоодон ж‑a шуру (коралл) аралдарынан турат; Бисмарк архипелагында. Арал Папуа‑Жаңы Гвинея мамлекетинин аймагы. Аянты 2072 км2, эң чоң аралы Манус (1600 км2). Калкы 40 миңдей. Бийикт. 718 мге чейин (Манус а‑нда). Айрым аралдары токой м‑н капталган. Кокос, пальма плантациясы бар. Балык кармалат. Башкы шаары – Лоренгау. Аралда европалыктардан алгачкы жолу 1527–29‑ж. испан деңиз саякатчысы А. Сааведра болгон.