АДИСТИК БОЮНЧА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК ТОПТОМ
АДИСТИК БОЮНЧА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК ТОПТОМ – мугалимдин предмет б‑ча адистик теориялык жактан билимин, методикалык чеберчилигин, тарбиялык иштерди жүргүзүү деңгээлин жогорулатууга багыт берүү максатында түзүлүүчү окуу адабияты. Булардын биринчи тобуна – мугалимдин өзү сабак берген илимдин тигил же бул проблемалары б‑ча теориялык даярдык деңгээлин көтөрүүчү илимий теориялар, мыйзамдар, концепциялар, гипотезалар, методдор б‑ча түшүнүктөр камтылуучу адабияттар; экинчи тобуна – кайсы бир окуу предмети б‑ча билим берүүнүн жалпы проблемаларын ж‑а анын мазмунун, окутуу методдорун, принциптерин, класстык ж‑а класстан тышкаркы окууларды уюштуруу формаларын, жолдорун камтыган адабияттар кирет. Алардын максаты – мугалимдин сабак берүү чеберчилигинин деңгээлин көтөрүү. Үчүнчү топко – айрым алынган предметтер б‑ча программалык материалдарды окутуу б‑ча конкреттүү сунуштарды камтыган, жалпы проблемаларды конкреттүү темалардын, сабактардын негизинде чечүүнүн методикалык жол‑жоболору б‑ча мугалимди куралдандыруу максатын көздөгөн окуу адабияттары кирет. Окуу топтомунун төртүнчү тобу кайсы бир предмет б‑ча окуучулардын жалпы таанып‑билүү ж‑а таалим‑тарбия берүү проблемаларына, идеялык, патриоттук, интернационалдык, эстетикалык, экономикалык, экологиялык ж. б. маселелерге арналса, бешинчи тобу сабактан тышкаркы лабороториялык-изилдөө иштерин, факультативдерди, окуу экскурсияларын уюштурууга арналат. Ал эми окуу хрестоматиялары, маалымат берүүчү сөздүктөр, таблицалар, көнүгүүлөр топтомдору, маселелер ж‑а текшерүү иштеринин, баяндама ж‑а дилбаяндардын (сочинениелердин), тексттердин жыйнактары методикалык топтомдордун алтынчы тобуна кирет. Аларды түрлөрүнө жараша: методикалык куралдар, дидактикалык материалдар, маалымат берүүчү көрсөтмө куралдар, таратып берүүчү материалдар, алдыңкы тажрыйбалардын топтомдору, сөздүктөр ж. б. деп бөлсө болот. И. Бекбоев.