АДАНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:16, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АДАНА С е й х а н – Түркиянын түштүгүндөгү шаар; Адана илинин (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Сейхан д‑нын боюнда жайгашкан. Б. з. ч. 63‑ж. Рим кол башчысы Гней Помпей негиздеген. Өлкөнүн чыгыш бөлүгүн Рим м‑н байланыштырган аскер жолундагы таяныч пункту. Калкы 1,4 млндон ашык (2010). Пах­тачьшык өнүккөн маанилүү р‑ндун соода ж‑а өнөр жай борбору. Машина куруу, текстиль, хим., кагаз, полигр., тамак‑аш, жыгаччылык, мебель, цемент өнөр жайы, ун‑т бар. Чоң таш көпүрө (6‑к.), капка калдыгы (782‑ж.) сак­талган.