АГРОЭКОСИСТЕМА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:37, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ негизги функциялары түшүмдүүлүктү жогорулатууга багытталган ж-а агрохимиялык ыкмаларга таянган жасалма экол. шарттар. Табигый биоценоздордон айырмасы А-да тирүү организмдердин түрүнүн кыскарганы байкалып турат. О. эле, биол. түшүмдүү лүгү табигый экосистемадан алда канча жогору болот. Мис., мелүүн алкактын түшүмдүүлүгү болжол м-н 150‒1500 г/м2 болсо, ал эми иштетилип жаткан жерлерде 4000 г/м2, Гавайи а-да бал камыштын түшүмдүүлүгү 7000 г/м2ге жетет. Түшүмдүүлүктүн мындай кескин көтөрүлүшү ургалдуу ыкмаларын (жер семирткичтерди көбү

рөөк себүү ж. б.) колдонууга байланыштуу. Азыркы учурда А-лар Жер шарынын жер ресурстарынын 30%ке жакынын (айдоолор 10%, жайыттар ж-а чабындылар 20%) ээлейт. А-нын негизги түзүүчүлөрү: күрүч, буудай, жүгөрү, картөшкө, сулу, маниок, соя, арпа, ак жүгөрү, таруу, бал камыш ж. б.