АГРОМЕЛИОРАЦИЯ
Jump to navigation
Jump to search
АГРОМЕЛИОРАЦИЯ ‒ жерди мелиорациялык жакшыртууга багытталган ил., уюштуруу-тех., экон. ж-а өндүрүштүк система. А. иштетилүүчү жер бетин пландоо, жер алдындагы сууну төмөндөтүү, шор топурактын тузун азайтуу, топурак ж-а суу ресурстарын башкаруу, сугаруу режимин ж-а системасын жакшыртуу, топурак сактоочу токой тилкелерин тигүү, а. ч. өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жогорулатууну программалоо ж. б. иш-чараларын камтыйт.