АГИОГРАФИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (гр. – ыйыктар ж-дө жазамын) – диний темада жазылган чыгармалар. Пайгамбарлардын ж-а олуялардын турмушу тууралуу чагылдырылат. Ар кандай диндерге байланыштуу А-нын темасы, идеясы, максаты ар түрдүүчө болгон. А. Навоинин «Пайгамбарлар жана даанышмандар тарыхы» деген чыгармасында ислам дининин ыйыктары ж-дө айтылат. Кыргыздардын революцияга чейинки жазма ж-а оозеки адабиятында мындай чыгармалар болгону м-н алардын көбү бизге толук жетпей калган. Акын Э. Эрматов Мухаммед пайгамбар тууралуу ыр китебин жазган ж-а анда ал инсандын өмүрү, ишмердүүлүгү чагылдырылган.