АГАТАН-МАНАК ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:11, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АГАТАН-МАНАК ӨРӨӨНҮ Алай кырка тоосунун чыгышында субмеридиан багытында созулуп жатат. Аянты 40 км2ден ашык. Уз. 70 кмдей. Жеринин бети түш.-чыгыштан түн.-батышты карай жантайыӊкы; дөӊсөөлүү. Негизинен палеозойдун карбонаттуу терриген тоо тектеринен түзүлгөн. Кышы суук, жайы мелүүн. Жылдык жаан-чачыны 450‒500 мм. Өрөөн аркылуу Агатан-Манак суусу (Мурдаштын бир курамы) агат. Токой (2300‒2500 м), субальп (2500‒3000 м) ж-а альп (3000‒3600 м) ландшафты басымдуу. Жайкы жайыт.