АВТОТРОФТУУ ОРГАНИЗМДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:52, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОТРОФТУУ ОРГАНИЗМДЕР, а в т о т р о ф т о р ‒ тиричилик үчүн зарыл орг. заттарды орг. эмес заттардан синтездөөчү организмдер. А. о-дин эки түрү белгилүү: фотосинтездөөчүлөр ж-а хемосинтездөөчүлөр. Фотосинтездөөчүлөр же фототрофтуу организмдер күн энергиясын пайдаланып, орг. заттарды синтездөө процесси фотосинтездөөчүлөрдүн клеткаларында гана учуроочу хлорофилл пигментинин катышуусу м-н ишке ашат. Аларга бардык жашыл өсүмдүктөр, балырлар ж-а түстүү бактериялар кирет. Хемосинтездөөчүлөр же хемотрофтуу организмдер орг. заттарды синтездөөдө хим. реакциялардан бөлүнүп чыккан энергияны пайдаланат (к. Хемосинтез ). А. о-дин бул тобуна топуракта, сууда жашоочу, темир, күкүрт бактериялары, нитрлөөчү ж-а азот топтогуч бактериялар кирет. А. о-дин, өзгөчө фотосинтездөөчүлөрдүн табиятта мааниси өтө чоӊ, к. Фотосинтез, Гетеротрофтуу организмдер.