АВТОРЛОШКОН КОТОРМО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:29, 14 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОРЛОШКОН КОТОРМО – котормочунун автор м-н бирдикте чыгарманы бир тилден экинчи тилге которуусу. Мис., «Абай» романын Л. Собелев автор м-н бирдикте орусчага которгон. Азыркы кыргыз адабиятында авторлошкон котормо арбып эле кездешет. Ч. Айтматовдун «Биринчи мугалим», «Жамийла» повесттери орус тилине А. Дмитриева м-н бирдикте которулган. Кээде чыгармасын башка тилге өзү которгондор да болот. Мис., Ч. Айтматов «Саманчы жолу» повестин орус тилине өзү которгон.