АВТООПЕРАТОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:12, 6 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТООПЕРАТОР(авто... ж-а оператор ), а в т о ш у у т ‒ металл кесүүчү станоктордун автоматташтырылган тес (станок) катарларында (линияларында) иштетилүүчү тетиктерди оӊдоп түзөтүүчү ж-а багытка салуучу түзүлмө. Анын төмөнкүдөй түрлөрү бар: 1) тестин А-у ‒ көп операциялуу станокто аспапты автоматтык алмаштыруучу түзүлмө. А. жумушту аткарып жаткан аспапты кысып, аны тесийиктен (шпинделден) чыгарып, анын ордуна башка аспапты коёт. Тесийиктеги ар бир аспаптын абалы автоматтык текшерилет. Аспапты алмаштыруу убакыты 5 секга жакын; 2) гидроэлектрстанциясындагы (ГЭС) А. ‒ ага кирген электр энергия системасынын жүктөлүшүнүн ж-а суунун кысымы м-н сарпталышынын (режиминин) өзгөрүшүнүн натыйжасында ГЭСтин (режиминин) өзгөрүшүнө ылайык агрегаттарды жүргүзүүгө же токтотууга берилүүчү башкаруу импульсун камсыз кылуучу автоматтык түзүлмөлөр системасы. ГЭСтин окшоштук түрүнө А-дун башкаруу, агрегаттарды жүргүзүүнүн (токтотуунун) кезегин тандоо, кысым блоктору ж-а суу агыны м-н кубаттуулук билгизгичтери кирет. Башкаруучу ЭЭМдүү ГЭСтин А-унун санариптик түрүндө агрегаттардын мүнөздөмөлөрү ж. б. берилмелер ЭЭМдин эсинде программа түрүндө сакталат. Ошондуктан агрегаттардын иштөө режими оптималдуулукка жакындап, ГЭСти оператордук башкарууга жетишилет.