АВТОМАТТЫК ОК АТУУЧУ КУРАЛДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:13, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОМАТТЫК ОК АТУУЧУ КУРАЛДАР ‒ атууда окту кыймылга келтирүүгө, кайталап октоого ж-а кезектеги окту атууга даярдоо үчүн күйгөн дарынын энергиясын колдонуучу куралдар (пулемет, пистолет-пулеметтор, автоматтык мылтыктар, замбиректер ж. б.). 19-к-дын экинчи жарымында пайда болгон. 1863-ж. Р. Пилон (Америка) биринчи жолу автоматтык куралды жасап чыккан. Россияда биринчи автоматтык ок атуучу курал Д. А. Рудницкий тарабынан жасалган. 1900-ж. башында көпчүлүк мамлекеттерде Мадсендин мылтык-пулемету, кийинчерээк амер. конструктор Х. Максимдин пулемету кеӊири пайдаланылган.

М. Г. Калашниковдун АК-74М автоматы.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда (1941‒45) В. А. Дегтярев, Ф. В. Токарев, Г. С. Шпагин, С. Г. Симонов ж. б. тарабынан А-тын жаӊы үлгүлөрү жасалган. Азыркы учурда М. Г. Калашников , Е. Ф. Драгунов, Н. Ф. Макаров тарабынан конструкцияланган А. О. А. К. КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине пайдаланууга киргизилген.