АВТОМАТТЫК КАТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:11, 6 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОМАТТЫК КАТАР (орусча Автоматическая линия) ‒ буюмду же анын бөлүгүн толук жасоо үчүн иштелүүчү бардык операцияларды белгилүү технол. ыраат м-н автоматтык түрдө аткаруучу машиналардын, негизги ж-а көмөкчү жабдуулардын системасы. Алгачкы А. к. 20-к-дын башталышында технол. процесс жабык автоматтык режимде гана өтүүчү бир катар өндүрүштө пайда болгон. 1930-жылдарда агымдык өндүрүш ыкмасы м-н иштеген машина куруучу ишканаларда (эӊ башкысы мех. цехтерде) тестер (станоктор) ортосунда жылдыруу үчүн транспортерду пайдалануу м-н иштетүүнүн удаалаштыгына туура келүүчү мурда иштеп жаткан жабдуулар жайгаштырылган. А. к-ды куруу, ишке киргизүү ‒ өндүрүштү автоматташтыруунун негизги этаптарынын бири. Мында сырье берүү, металл эритүү, тетик куюу, аны термиялык, мех. ж-а дат баспагандай иштетүү, сапатын текшерүү, даяр продукцияны ороп, яшиктерге салып жөнөтүүгө чейинки бүт процесс толук автоматташтырылат. Белгилүү формадагы ж-а өлчөмдөгү буюмдарды иштетүүгө арналганы ‒ а т а й ы н, ал эми параметрлери бирдей болгон бир түрдүү буюмдарды иштетүүгө арналганы а т а й ы л а ш т ы р ы л г а н А. к. деп аталат. Булар негизинен массалык өндүрүштө, ал эми тез өзгөртүлүүчү у н и в е р с а л д у у А. к. сериялык өндүрүштө колдонулат. Алар өндүрүштүн көлөмүнө, технол. процесстердин түрүнө жараша жайгаштырылып, ж а р ы ш а ж-а у д а а л а ш иштөөчү А. к. болуп бөлүнөт. Иштетилүүчү тетиктерди бир орундан экинчисине жылдыруу үчүн, атайын транспорт системасы пайдаланылат. Буюмдун конструкциясына, формасына ж-а өлчөмүнө карата транспор тёр кадамдуу, штангалуу, грейфелүү, чынжырлуу ж. б. болуп жасалат. Булар көбүнчө чоӊ буюмдарды иштетүүчү А. к-да колдонулат. Ад.: Шаумян Г. А. Автоматы и автоматические линии. 3-е изд. М., 1961; Металлорежущие станки и автоматы . Под ред. А. С. Проникова. М., 1981; Схиртладзе А. Г., Новиков В. Ю. Технологическое оборудование машиностроительных производств. М., 2002.