АВТОГЕНЕЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:08, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОГЕНЕЗ (авто ж-а генез) ‒ орг. дүйнөнүн өнүгүү процессинде чөйрө фактору эч мааниге ээ болбостон, өзүндөгү ички мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде жүрөт деп түшүндүргөн эвол. окуунун концепциясы. Ж. Б. Ламарктын градация, Г. Осборндун аристогенез, Э. Коптун батмогенез, Л. С. Бергдин номогенез, П. Тейяр де Шардендин руханий энергия ж. б. ж-дөгү окуулары А-дик мүнөзгө ээ. Бул агымдын өкүлдөрү бул көрүнүштү эвол. паралеллизм ж-а конвергенция кубулуштары м-н түшүндүрөт.