АВСТРИЯ-ВЕНГРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:33, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВСТРИЯ-ВЕНГРИЯ, А в с т р и я-В е н г р и я м о н а р х и я с ы (1867‒1918) ‒ Австрия м-н Венгриянын бийлөөчүлөрүнүн ортосундагы макулдашуунун (8-февраль 1867-ж.) негизинде түзүлгөн дуалисттик монархия. Венгриянын веналык абсолютизмге каршылыгынын күчөшү ж-а Австриянын 1859‒66-ж. Италия, Франция ж-а Пруссия м-н болгон согуштарда жеӊилүүсү башында император Франц Иосиф турган Габсбургдар династиясын түзүүгө түрткү болгон. Макулдашуу б-ча Габсбургдар монархиясы ‒ Австрия империясы же Цислейтания (Австрия, Чехия, Моравия, Силезия, Истрия, Далмация, Буковина, Крайна, Галиция) ж-а Венгр Королдугу же Транслейтания (Венгрия, Словакия, Хорватия, Трансильвания ж. б. жерлер кирген) болуп экиге бөлүнүп, алар А.-В-нын суверендүү бөлүктөрү деп таанылган, бирок австриялык император (Венгрия үчүн ал король болгон) тарабынан башкарылган ж-а ар бир мамлекет өз алдынча парламентке (Австрияда ‒ рейхсрат, Венгрияда сейм), башкаруу аппаратына ээ болгон. Тышкы иштер, аскер ж-а деӊиз, финансы министрликтери А.-В. империясы үчүн жалпы болуп түзүлгөн. Мамл. түзүлүштү тереӊ реформалоонун натыйжасында, А.-В. империясы аянты ж-а калкы б-ча Европадагы эӊ ири (Россиядан кийинки), көп улуттуу державага айланган. Австриянын ж-а Венгриянын башкаруучу төбөлдөрү Австрияда ‒ австрия-немецтик, Венгрияда мадьярлардын башка улуттардын үстүнөн үстөмдүгүн сактап турууга аракеттенген. А.-В-нын курамына кирген башка улуттардын кызыкчылыгына каршы турган империянын улуттук саясаты анын курамындагы элдердин улуттук-боштондук күрөшүнүн жогорулашынын ж-а 1-дүйнөлүк согуштун келип чыгуусунун негизги себептерине айланган. 1918-ж. 28-июлда А.-В. Сербияга, 6-августта ‒ Россияга согуш жарыялоо м-н Германиянын союздашы катары 1-дүйнөлүк согушка кирген. Өлкөдөгү оор саясий-экон. кризистер ж-а 1918-ж. А.-В-нын согушта жеӊилүүсү империянын кыйроосуна алып келген. Анын аймагында Австрия, Венгрия, Чехословакия мамлекеттери түзүлгөн, жеринин айрым бөлүктөрү Югославиянын, Румыниянын, Польшанын курамына кирген.