АВСТРИЯ ИМПЕРИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:01, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВСТРИЯ ИМПЕРИЯСЫ ‒ 1806‒67-ж. Габсбургдар династиясына караган аймактарда өкүм сүргөн мамлекет. «Ыйык Рим империясы» кыйраган соӊ (1806), анын императору Франц II өзүн Австриянын императору Франц I деп жарыялоо м-н Австриялык үйгө ж-а Габсбургдарга таандык жерлерди ‒ Богемия, Венгрия, Хорватия, Трансильвания, Галиция ж-а Түн. Италиянын көп бөлүгүн башкарып калган. А. и. 19-к-дын башынан Франция м-н согуштарга, 1815-ж. Ыйык Союзду түзүүгө катышат. Франц I мураскери Фердинанд I башкарган мезгилинде көп улуттуу империянын курамындагы элдердин улуттук аӊ-сезиминин өсүшү ж-а өз алдынчалык үчүн күрөшү башталат. 1848-ж. өлкөдөгү оор экон. кризис элдик толкундоолордун жүрүшүндө канцлер Меттерних отставкага кетүүгө мажбур болот. Император өлкөдө цензураны жоюуга ж-а жаӊы конституцияны кабыл алууга убада берген. Бирок, апрелде жарыяланган конституция оппозициянын лидерлерин канааттандырган эмес. Натыйжада Австрияда рев-я башталган (к. Австриядагы революция). Император Инсбургга качып кетип, тактыдан баш тарткан. Анын ордуна 18 жаштагы жээни Франц Иосиф такка отурган. Рев-янын жүрүшүндө империянын курамында жашаган венгрлер, чехтер, словактар, румындар, италиялыктар өз алдынчалык үчүн күрөш башташкан. Бирок оппозициянын катарындагы пикир келишпестиктерди пайдалануу м-н император Франц Иосиф ж-а канцлер Шварценберг кырдаалды көзөмөлгө алууга жетишип, Прагадагы ж-а Венадагы элдик кыймылдар армиянын жардамы м-н басылган. 1866-ж. Италия ж-а Пруссия м-н болгон согуштардагы жеӊилүүдөн кийин Австрия м-н Венгриянын ортосунда кол коюлган макулдашуу б-ча 1867-ж. А. и. дуалисттик Австрия-Венгрия империясы болуп кайра түзүлгөн.