АБРУЙ КӨТӨРҮЛҮШҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБРУЙ КӨТӨРҮЛҮШҮ – 6-к-дын 80-ж-нда төмөнкү Согда аймагында жерг. жер ээлерине ж-а соодагерлерге каршы чыккан көтөрүлүш. Анын башында Абруй турган. Бухара тарыхчысы Наршахинин маалыматы б-ча Абруй Пайкенд аймагын басып алган. Ошондон кийин бай дыйкандар Жети-Сууга качып барышып, түрк каганы Кара-Чордон жардам сурашкан. 585-ж. көтөрүлүштү Кара-Чордун колу келип баскан, Абруй өлтүрүлгөн.