АБОРТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:47, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АБОРТ (лат. Abortus), б о й д о н т ү ш ү ү– бойго бүткөн түйүлдүктүн (22 жумага чейинки) бойдон түшүшү. 12 жумага чейин түшсө – эрте, 22 жумага чейин болсо кеч А. деп аталат. Бойдон түшүү ар кандай оорунун кесепетинен болот, кээде кандайдыр бир себептерден аялдын кош бойлуулугун сактоо мүмкүн болбогондо, о. эле кош бойлуулук ж-а төрөт аялдын ден соолугу м-н өмүрүнө коркунуч туудурса, жасалма жол м-н жүргүзүлөт. Жасалма А. аялдын өз эрки боюнча (12 жумага чейинки) дарылоо мекемелеринде жасалат. Эгер кош бойлуулук аялдын ден соолугуна ж-а балага коркунуч туудурса, анда чоң мөөнөттө да А. жасоого уруксат берилет. Жасалма А. организмге зыяндуу, анткени кош бойлуулук м-н байланышкан физиол. процесстер капысынан токтоп, кээде нерв, эндокрин системасынын, зат алмашуунун бузулушуна алып келет. Өзгөчө биринчи жолу боюнда болгон, этек кир цикли бузулган ж-а жыныс органдары начар жетилген аялга А. өтө зыяндуу. А-тон кийин кабылдап кетүүдөн жатын ж-а анын кошумчалары сезгенүүгө учурайт. Жатын түтүгү сезгенгенде ал жабышып калат да, жатындан тышкары бойго бутуу же таптакыр төрөбөй калуу мүмкүн. Өзүнөн-өзү бойдон түшүү түрдүү оорунун кесепетинен болот. Ага жатындын сезгениши, шишик оорулары, жыныс органдарынын начар жетилиши, жугуштуу оорулар, эне м-н баланын канынын туура келбестиги, өтө катуу талгак болуу, о. эле мурдагы А-тор себеп болот. Мында түйүлдүк жатындын ички бетинен акырындык м-н ажырай баштайт. Жатын булчундарынын жыйрылышынан ичтин ылдый жагы, бел сыздап, толгоо келип, кан кете баштайт. Дарылоо эрте башталса, түйүлдүктү сактап калууга болот. Дарылоо өз убагында жүргүзүлбөсө кан агуу күчөп, кансыроого алып келиши мүмкүн. Кээде түйүлдүк толук түшпөй, анын бөлүктөрү калып, жатын жыйрыла албай, кан көп кетип, аялдын өмүрүнө коркунуч туулат. Мындай учурда жатынды тазалоо ооруканада жүргүзүлөт. Эгерде эки ирет же андан көп бойдон түшсө, өнөкөт А. деп аталат. Эгер А. сезгенүү (инфекция) м-н коштолсо септикалык А. делет. Мындай кабылдоолор аялдын өмүрүнө чоң коркунуч туудуруп, сепсиске алып келет.