АБДУРАХМАН АПТАБАЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:45, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДУРАХМАН АПТАБАЧЫ (1844, Кокон хандыгы – 25. 5. 1881) – Кокон хандыгынын мамл. ишмери ж-а кол башчы; кыргыз-кыпчак урууларынын төбөлү. Мусулманкул миң башынын уулу. 1845-ж. 14 жашар Кудаяр белгилүү бий Мусулманкулдун жардамы м-н такка олтурган. Мусулман кул хандын тукуму м-н туугандашуу үчүн кызын Кудаяр ханга берген. Ошол кездеги жаш Абдурахман Кудаярдын бир тууган кайниси катары ордодо чоңоюп, курбалдашы Кудаяр м-н теңтуш болуп өскөн. Атасы 1852-ж. Кудаяр хандын буйругу м-н өлтүрүлгөндүгүнө, көз алдында кыпчак туугандарын кырдыргандыгына карабай, баарына чыдап, акырындык м-н жөнөкөй «аптабачылык» (хан колуна суу куюучу бала) кызматтан ордодогу негизги бийлик миң башылыкка чейин жеткен.

Абдурахман аптабачы ж-а Иса олуя (мамл. борб. архив. архив).

1870-ж-дын башында ал кыргыз бийлери м-н байланышып, Кудаяр ханды алмаштырууну көздөгөн. А. а. лейлектик кыргыздардын чапкылык уруусунун бийлерине көтөрүлүшкө чыгуу зарылдыгы ж-дө кат жазган. Натыйжада лейлектиктер Кокон хандарынын Кожент ш-нда жашап жаткан урпактарынын бири – Садыкбектин уулу Абдыкеримбекти чакырышып, хан көтөрүшкөн. Көтөрүлүшчүлөргө каршы Кудаяр хан 7 падсаттын башчылыгында чоң кошуун жиберип, кыймылды аёосуз баскан. Кыргыздар тоого качып кетишкен. Ошол мезгилде Россиянын карамагында турган Кожентке кайткан Абдыкеримбекти орус бийликтери Кудаярдын өтүнүчү м-н Кокон ордосуна туткун катары тапшырышкан. 1873– 74-ж. А. а. Кудаяр ханга каршы көтөрүлгөн Полот хандын, Мамыр Мерген уулунун, Абдылдабектин ж. б. кыргыз бийлеринин көтөрүлүшүн басууда кокондук жазалоочу аскерлерине башчылык кылып, бул кызматы үчүн 1874-ж. Кудаяр хандан «Парваначы» наамын алган. 1875-ж. июлда Кокон хандыгына каршы көтөрүлүш күчөп, Кырг-ндын түштүгү ж-а Фергананын бир катар аймактары Полот хан жетектеген көтөрүлүшчүлөрдүн колуна өтө баштаган. Өзгөндө башталган көтөрүлүштү басууга Кудаяр хан тарабынан жиберилген А. а., Калназар ж-а Сарымсак эшик ага 4000 аскери м-н 17-июлда көтөрүлүшчүлөр тарапка өтүп кеткен. 19-июлда Анжиян вилаетинин беги Кудаяр хандын уулу Насреддинбек, Маргалаң вилаетинин беги Султанмурат да күрөшкө чыккан эл тарапка кошулган. 22-июлда Кудаяр хан Коконду таштап, Россия ээлигине баш калкалап качууга аргасыз болот. А. а., Иса олуя ж.б. колдоосу м-н анын ордуна уулу Насреддинбек хан көтөрүлөт, ал эми Полот хан жашыруун түрдө туткунга алынат (ал 22-августта Чаткал тарапка качып кеткен). А. а. м-н Насреддин хан элдин күрөшүн диний мүнөзгө багыттап, «ыйык казатка» («газаватка») чакырган. 1875-ж. элдик көтөрүлүш кайра күчөгөндө Насреддин хан орус падышалыгынын аскерлерин жардамга чакырууга аргасыз болот. Падышалык бийликтин М. Д. Скобелев башында турган жазалоо отрядына 1876-ж. январдын акырында Анжияндан 8 чакырым аралыкта жайгашкан Инду кыштакта А. а. ж-а аны м-н кошо кыймылдын белгилүү жетекчилеринен болгон 26 бий ж-а бек, 400 жигит багынып берип, көтөрүлүшчүлөргө чыккынчылык кылган. А. а. Екатеринбург ш-на жөнөтүлүп, жылына 3000 рубль көлөмүндө маяна алып жашап турган. 1881-ж. 1-январдагы буйрук м-н орус падышачылыгы А. а-га милициянын полковниги деген чин ыйгарып, полициялык көзөмөлдөн куткарган. 1881-ж. 25-февралда А. а. Мекеге барууга уруксат сурап, борб. бийликке кат жазган. Бирок каттын жообун алууга үлгүрбөй, 1881-ж. 25-майда көз жумган.