АБДУЛ-ЖАББАР Карим
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата 9-71>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Abdul-Jabbar) Карим [өзүнүн фамилиясы ж-а аты Алсиндор (Alcindor) Фер динанд Льюис] (16.4.1947-ж. т., Нью-Йорк) – баскетбол спортунун тарыхындагы ортодо ойногон эң алдынкы амер. спортчу. 1969-жылдан Улуттук бас кетбол ассоциациясынын (УБА) «Милуоки Бакс» клубунда ойной баштаган. Исламды ка-
был алып (1971) атын өзгөрткөн. 1975-88-ж. 6 жолку УБАнын чемпиону (1971, 1972, 1973-76, 1980) «Лос-Анджелес Лейкерсте» ойноп, 2 жолу эң мыкты оюнчу катары бааланган. УБАнын тарыхындагы эң натыйжалуу оюнчу (38387 упай). Автобиографиялык «Гигант кадамдар» («Giant steps», 1983) ж-а «Карим» («Кагеет», 1990) китептеринин автору. «Өлүм оюну», «Зор өрдөктөр-2», «Питтсбургду сактап калган ба лык» ж. б. фильмдерге тартылган.