«АМФИБИЯ»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:21, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(гр. amphibios – эки жактуу жүрүүчү) – кургакта, сууда жүрүүчү аскердик же

транспорттук машина (танк, транспортёр, автомобиль, самолёт ж. б.). 1) Т а н к, транспортёр «А-нын» чөкпөстүгү анын жылчыксыз бүтөлгөн корпусунун сууга сыйымд. м-н камсыз болот. Кыймылга келтирүү үчүн суу шилөөчү винт, каз тамандуу чынжыр (каз тамандуу техникаларда) сыяктуу механизмдер пайдаланылат. «А.» алгач биринчи дүйнөлүк согуштун учурунда даярдала баштаган. 1921–22-ж. АКШ м-н Францияда «А-нын» танк үлгүлөрү жасалган. Кызыл Армия сууда сүзүүчү танк (Т-37) м-н 1932-жылдан тартып куралданган. 2) А в т ом о б и л ь – «А.» адам ж-а жүк ташуу, аларды дарыя, көлдөрдөн өткөрүү максатында колдонулат. 3) Суудан ж-а жерден учууга, о. эле конууга ылайыкталган дөңгөлөк шассиси бар сам о л ё т – «А. »4)Аэрочана – «А.» – карда гана эмес, сууда сүзүп, күбүрдүү музда жүрүүгө ылайыкталган кайык-лыжалар.