«АМИРАНИАНИ» эпосу
08:07, 18 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) (Mariya moved page «АМИРАНИАНИ» to «АМИРАНИАНИ» эпосу) тарабынан жасалган версия
«АМИРАНИАНИ» («Күн баласы») – байыркы грузин элинин баатырдык эпосу. Эпостун каарманы Амирани чагылгандуу булут кудайынын кызын уурдап кетип, адамдарды мифтик дөөлөрдүн туткунунан бошотуп, аларга от жакканды, темирден курал, буюм жасаганды үйрөткөн, кудайлар м-н жекеме-жеке күрөшкө чыккан. Ошондуктан Кудай аны катуу жазалап, Кавказ тоолорунун аскасына матап салат. Бул уламыш Грузияда, биздин заманга чейин 5-4-кылымдарда эле болгондугун байыркы грек жазуучуларынын чыгармалары далилдейт. Амираниани жөнүндөгү уламыш кийин Байыркы Грецияга тарап, Прометей тууралуу мифке кошулуп кеткен. Азыркы күндө эпостун 120га жакын варианты бар.