«АЛГАЧКЫ АДАМДАР ТОБУ»
«АЛГАЧКЫ АДАМДАР ТОБУ» ‒ алгачкы коомдун башталышындагы адамдар жамаатынын шарттуу аталышы. Алар төмөнкү ж-а ортоңку палеолит мезгилинде жашап, архантроп (питекантроп, синантроп) ж-а палеоантроп (неандерталь) адамдары пайда болгон доорго туура келет. Бул мезгилде адам баласы айбандар дүйнөсүнөн толук бөлүнүп чыгып, азыркы адамдардын биол. түзүлүшү калыптанган. Жыйноочулук, аӊчылык м-н кесиптенишип, таштан, жыгачтан, кийинчерээк сөөктөн одоно түрдө куралдарды (чокмор) жасашкан. Алар жырткыч жаныбарлардан же башка топтогу адамдардан коргонуу үчүн топ-топ (25‒40тай адам) болуп, жылуу жерлерде, үӊкүрлөрдө жашашкан.
Отту табигый түрүндө гана пайдаланып, тамакты чала бышырып жегенди үйрөнүшкөн, бирок от жагууну билишкен эмес. Бара-бара алардын ичиндеги башаламан никесиз мамилелерге тыюу салынып, алгачкы коомдун башталышы болгон уруу келип чыгат. Бул доордун таш куралдары Индонезия, Кытай, Өзбекстан, о. эле Кырг-ндын Нарын өрөөнүндөгү Онарча суусу, Ысык-Көлдүн Балыкчы ш., Тосор өзөнү, Ош аймагынын Кожо-Бакырган-Сай, Сасык-Үӊкүр ж. б. жерлеринен табылууда.