«АКИпресс»
«АКИпресс» (AKIpress) – маалымат таркатуу иштерин жүргүзүүчү компания. 1993‑ж. уюштурулган. Ал: «АКИпресс» маалымат агентчилиги, «АКИпресс» – Фергана (Тажикстан, Өзбекстан), «АКИпресс»-Казакстан, «АКИпресс» талдоо (аналитикалык) журналы, АКИ – «Жёлтые страницы» («Сары барактар»), «АКИпресс» басма сөз борборлору ж‑а жаштардын «Лимон» гезити деп аталган беш тармактан түзүлгөн. «АКИпресс» маалымат агентчилиги 2000‑ж. негизделген. Бүгүнкү күндө КРдин глобалдык Интернет системасында иштеген көз каранды эмес биринчи массалык‑маалымат каражаты болуп саналат. Анын кызматынан азыркы учурда Кыргызстандын басма сөз ж‑а электрондук маалымдоо каражаттарынын көпчүлүгү, мындан сырткары, Борбордук Азия, КМШ, Европа ж‑а Америка өлкөлөрү (Ассошиэйтед Пресс, Рейтер, Франс Пресс, Интерфакс, ИТАР ТАСС, РИА «Новости», маалымдоо агентчиликтери, «Азаттык», «Би‑би-си» радиосу ж. б.) кеңири пайдаланат.
М. Молдалиева.