АСКЕРДИК МУЗЫКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:50, 4 Июль (Теке) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

– атайын аскер темасында жазылган муз. чыгарма. Машыгуу учурунда, аскердик ж-а коомдук салтанаттарда (парад ж. б.) аткарылат. Аскердик рухту көтөрүүдө, о. эле чакырык түрүндө, мурда аскерлердин со-

КРдин Коргоо министрлигинин аскердик оркестри (жетекчиси полковник В. И. Немирский).


гуштук аракет учурларында да аткарылган. А. музыкасы аскердик үйлөмө аспаптар оркестри же айрым аткаруучулар (барабанчылар, сурнайчылар) тарабынан аткарылат. А. музыканын Байыркы Египет, Ассирия, Вавилония, Палестина, Кытай, Индия элдеринде, Байыркы Грекия, Римде да өзгөчө бир түрлөрү болгон. Кыргыз элинде «Манас», «Семетей» ж. б. эпосторунда кеңири кездешкен, байыртадан эле үйлөмө (керней, сурнай, жез най, сыбызгы ж. б.), урма (добулбас, дап, нагыра, жекесан, чилдирман) аспаптар согуштук жүрүштөрдө, кадырлуу меймандарды тосууда, салтанаттарда, аш-тоилордо пайдаланылган. Мис., согушта белги берүү, душмандын үрөйүн учуруу үчүн добулбасты ээрдин кашына илип коюп, тоголок баш таяк м-н ургулап кагышкан. Эл ичинде айтылып жүргөн айрым маалыматтарда кыргыздын кээ бир чоң манаптарынын (мис., Ормондун) керней, сурнай, добулбастан турган А. муз. тобу болгон. 17-19-к-да Батыш Европада А. музыканы колдонуу ж-а уюштуруунун негизги принциптери иштелип чыккан. 19-к-дын 2-жарымы – 20- к-дын башында А. музыканын согуштук беттешүүлөрдө аткарылышы негизинен токтогон, бирок анын тарбиялык мааниси өскөн. Аскердик музыкага аспаптык чыгармалардан башка аскердик хорлор да кирет. Анын башкы жанры - марш, к. Марш.