АСКЕРДИК МЕДИЦИНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:50, 4 Июль (Теке) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

– медицинанын аскер кызматкеринин саламаттыгын сактоо б-ча илимд. теориясын ж-а практикасын изилдөөчү, о. эле аскер кызматкерлерин мед. жактан тейлөөнү, согуш шартында алган жараатты дарылоону ишке ашыруучу тармагы. Тынчтык мезгилде аскер бөлүктөрүндө дарылоо, оорунун алдын алуу жумуштарын жүргүзөт; мед. биринчи жардам көрсөтүүнүн ыктарын ж. б. үйрөтөт. Согуш убагында жарадарлардын өмүрүн сактоо, алардын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн күрөшөт. КРде А. М. кызматын аткаруучу такай иштөөчү мекемелердин тармактары, согуш ардагерлеринин ооруканасы, аскердик госпиталь ж. б. бар.