АСКЕРДИК КОЛЛЕГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:50, 4 Июль (Теке) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

– Куралдуу Күчтөрдүн түзүлүшүнө, алардын күжүрмөн ж-а мобилизациялык даяр туруусуна, аскер кадрларынын күжүрмөн даярдыгына, аларды тандоого ж-а тарбиялоого байланышкан ж. б. маанилүү маселелер б-ча чечимдерди чыгаруучу ж-а талкуулоочу Koproo министрлигинин кеңеш берүүчү органы. Koproo министринин ж-а министрликтин жетектөөчү кызматкерлеринин (коргоо министринин орун басарлары) курамында түзүлөт. Коллегиянын мүчөлөрү, кызмат орду б-ча анын курамына киргендерден башкасы КРдин Президенти тарабынан коргоо министринин сунушу б-ча бекитилет.