АСКЕР ПРОКУРАТУРАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:50, 4 Июль (Теке) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Кыргыз Pecпубликасынын аскер кызматкерлери тарабынан мыйзамдардын туура ж-а так аткарылышын көзөмөлдөөчү мамл. атайын юридикалык орган. КРдин А. п. республиканын аймагында жайгашкан аскер башкармалыгынын органдары, аскер бөлүктөрү, бирикмелери, аскердик окуу жайлары, мекемелери ж. б. аскер түзүлүштөрү тарабынан мыйзам актыларынын так ж-а бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. А. п. кылмыш ишин иликтөөнү ишке ашырат ж-а ишти соттук териштирүүгө катышат. А. п-нын ишмердүүлүгүнө КРдин Аскер прокурору аркылуу КРдин Башкы прокурору жетекчилик кылат.