АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИН АЖЫРАТЫП ТААНУУ БЕЛГИЛЕРИ
Jump to navigation
Jump to search
– аскер наамдарын, Куралдуу Күчтөрдүн түрлөрүн ж-а кызматтарын айырмалоо үчүн аскер кызматкерлеринин форма кийимине тагылуучу белгилер. Аларга: погондор,
петлицалар, аксельбанттар, төш ж-а жең белгилери (нашивкалар, шеврондор), баш кийимдеги, погондогу ж-а петлицалардагы белгилер
(кокардалар, эмблемалар, жылдыздар ж. б.),
канттар ж-а лампастар кирет.