АСБЕСТ-ЦЕМЕНТ КОНСТРУКЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:49, 4 Июль (Теке) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

– толук же жарым-жартылай асбест-цементтен даярдалган жылуулук өткөрбөөчү материалдын, каркастын жыгач же металл элементи м-н бириктирилген бөлүктөрү. Ал өндүрүш имаратын жабуучу жылуулантылган (минералдык кийиз м-н) плиталар түрүндө болот. Монолит конструкциялары (плита, панел) жылууланткыч катмар (пенопласт) м-н бириктирилген эки жалпак баракчадан даярдалат. Каркас түрүндөгү конструкциялар – каркас желими же буроомыгы (шуруп) м-н бириктирилген асбест-цемент барак - чаларынан турган плита ж-а панелдер кеңири таралган. Каркас үчүн жыгач же металлдан жасалган асбест-цемент устундары колдонулат. Плитанын туурасы 1,2 – 1,5 м, жабуу кеңдиги 3 ж-а 6 м болот.