АРЫНБАСАРОВА Наталья Өтеул кызы
16:47, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) (Mariya moved page АРЫНБАСАРОВА to АРЫНБАСАРОВА Наталья Өтеул кызы) тарабынан жасалган версия
АРЫНБАСАРОВА Наталья Өтеул кызы (24. 9. 1946-ж. т., Москва ш.) – киноактриса, РСФСРдин эл артисти (1998), Казакстандын эмгек сиңирген артисти. Москва хореография окуу жайын (1964), ВГИКтин актёрлук факультетин (1974) бүтүргөн. Кино ишмердигин кыргыз фильмдеринде тартылуу м-н баштаган. «Биринчи мугалим» (реж. А. С. Михалков-Кончаловский, 1965) кинофильминде Алтынайдын ролун чоң драматизм м-н психологиялык кылдаттыкта ойногон (Венецияда эл аралык кинофестивалдын сыйлыгын алган). «Жамийла» (реж. И. Поплавская, 1969), «Эски тегирмен» (реж. Ү. Ибрагимов, 1972), «Улан» (реж. Т. Океев, 1977) ж. б. фильмдерине тартылган. А. СССР Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1978).