АЙМАНБЕТОВ Миңбай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:26, 25 Апрель (Чын куран) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Миңбай (1930, Нарын обл., Коч­кор р‑ну, Ак‑Жар кыш.– 1997, Бишкек) – медицина илимд. доктору (1971), проф. (1972). Кыргыз ССРинин илим ж‑а техника б‑ча мамл. сыйл. лауреаты (1984), КРдин эмг. сиң. врачы (1995). КММИни (1954), аспирантурасын (1957) бүтүргөн, ошол эле жерде ассистент (1957‑66), улук ил. кызматкер (1966‑68), доцент (1968‑72) болуп иштеген. Негизинен органдар м‑н ткандар­дын регенерация ж‑а трансплантация пробле­маларын изилдеген.
Эмг.: Регенерация нервов. Ф., 1960; Трансплантация и регенерация органа. Ф., 1975; Проблемы эхинококкоза в Киргизии. Ф., 1989; Биологическая несовместимость при гемотрансплантации периферического нерва. М., 1971.