АРТИКЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:04, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРТИКЛЬ (лат. artikulus, фр. article) – бир катар индевропа, семит ж-а башка айрым тилдерде дифференциациялоочу кызматчы сөз. Зат атоочту жандап жүрөт ж-а аныктык же аныксыздык, теги (род), сан, жөндөмө грамматикалык категорияларынын көрсөткүчү болуп эсептелет. Англис тилиндеги артикль зат атоочту атоочу ж-а тактоочу деп эки топко бөлөт. Немец тилиндеги артикль заттардын тегин ажыратуу үчүн да колдонулат. Ал эми француз тилиндеги артикль заттардын санын билдирет (мис., англ. the, а; нем. der, die, das, ein, eine; фр. le, la, les, un, une, des). Кыргыз тилинде артикль жок.