АРТЫКБАЕВ Качкынбай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:34, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) (Mariya moved page АРТЫКБАЕВ 1 to АРТЫКБАЕВ Качкынбай) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРТЫКБАЕВ Качкынбай (15. 12. 1934, Чүй обл., Москва р-ну, Кепер-Арык айылы – 12. 11. 2009, Бишкек) – сынчы, адабиятчы, акын, филология илимдеринин доктору (1985), проф. (1986), КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1991), КРдин илим ж-а техника б-ча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1995), КРдин эл жазуучусу (2010), СССРдин Жогорку билим берүүсүнүн отличниги, Жусуп Баласагын атындагы сыйлыктын лауреаты, Жазуучулар Союзунун (1962), Журналисттер Союзунун мүчөсү (1958). КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1956). «Ленинчил жаш» гезитинде, «Ала-Too» журналында, «Кыргызстан» басмасында редактор, бөлүм башчы (1961–67), 1967-жылдан КМУда доцент, профессор, факультеттин деканы, 1976-жылдан ушул убакка чейин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы, КРдин Президенттин алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын, Улуттук Аттестациялоо Koмиссиясынын президиум мүчөсү. «Байчечекей» (1964), «Тоолор менен сырдашуу» (1968), «Чыгармалар жана ойлор» (1974), «Жаркын өмүр» (1975), «Жолдор жана тагдырлар» (1981), «Таазим» (1987), «Замана» (1994), «Талант сыры» (1994), «Дил сыры» (2004) ырлар ж-а поэмалар жыйнактары, адабий сын макалалары, ошондой эле «Баатырлар сымбаты» (1965) аттуу очерки чыккан.

АРТЫКБАЕВ 38.png


15 монография, адабий сын китептери, 23 окуу китептери, программалары, 600гө жакын макалалары жарык көргөн. ЖОЖдор үчүн кыргыз адабиятынын тарыхы б-ча окуу китебин биринчи жолу жазган (1982). 11-класстар үчүн «Кыргыз адабияты» ж-а 5-класстар үчүн «Биздин адабият» окуу китептеринин авторлорунун бири. К. Артыкбаев КМУУга Ж. Баласагындын ысмын ыйгаруу үчүн аракеттерди жасаган илимпоздордун бири. Кытайдагы кыргыздардын оозеки чыгармачылыгын ж-а адабиятын изилдеп, КМУнун студенттерине лекциялык курсту киргизген. Бир нече дүйнөлүк акындардын ырларын кыргыз тилине которгон. «Ардак Белгиси» ордени ж-а Даңк медалы м-н сыйланган.
Эмг.: Чалгын. Ф., 1962; Изденуулөр жана табылгалар. Ф., 1966; Сын сапары. Ф., 1970; Мезгил элестери. Ф., 1979; Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. Ф., 1982; Тандалмалар. Ф., 1984; Кубанычбек Маликовдун чыгармачылыгы. Ф., 1992; Жусуп Баласагын жана Махмуд Кашкардын мурастары. Б., 1999; Аалы Токомбаев. Б., 2003; XX кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004; Бүтпөгөн күрөш баяны. Б., 2006.