АРИСТОВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
Николай Александрович (1847–1910) – орус чыгыш таануучусу ж-а этно­графы. 1864-ж. Казан ун-тинин юридика ф-тин бүтүргөн. 1864–68-ж. Тобольск губерниясында админ. кызматтарда иштеген. 1868-ж. Жети-Суу обл-нун башкармалыгынын иш алып баруучулугуна дайындалгандан тартып, А-дун ишмердиги Түркстан генерал-губернаторлугу м-н тыгыз байланышта болгон. 1869–82-ж. Түркстан генерал-губернаторлугунда ж-а Жети-Суу обл-нда аскердик ар кандай кызматтарда, 1882–88-ж. Степное генерал-губернаторлугунда иштеген. Түркстан чөлкөмү б-ча топтогон бай материалы А-го ошол аймак б-ча изилдөө иштерин жүргүзүүгө түрткү берген. 1893-ж. «Усундар жана кыргыздар же кара кыргыздар. Ба­тыш Тянь-Шандын калкынын тарыхынын, турмушунун жана анын тарыхый географиясынын очерктери» («Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Очерки истории и быта населения Запад­ного Тянь-Шаня и его исторической географии») деген эмгегин жарыкка чыгарат. Бул эмгектин биринчи бөлүгүндө б. з. 5-к-на чейинки усундардын тарыхы, алардын Даван ж-а Каңгүй мамлекеттери м-н болгон байланыштары, Теңир-Тоо аймагындагы аларга таандык эстеликтер ж. б. тууралуу тарыхый кабарлар, енисей кыргыздарынын келип чыгышы ж-а тарыхы ж-дө маа­лыматтар берилген. Бул эмгектин «Батыш ТяньШань, кыргыздар ж-а кара кыргыздар» деген бөлүгүндө 6–8-к-дагы кыргыздар тууралуу та­рыхый кабарлар, Батыш Теңир-Тоодогу карлуктардын, кара-кидандардын учурундагы та­рыхы, чагатай, калмак, кытай ж-а Кокон үстөмдүктөрүнүн учурундагы абалы, орус бийлигинин карамагына өткөн доорго чейинки узак тарыхый мезгили баяндалган. А. 1894–96-ж.«Живая старина» журналына жарыяланган «Опыт выяснения этнического состава киргизказаков Большой орды и каракиргизов на осно­вании родословных сказаний...» деген көлөмдүү
макаласында кыргыздардын уруулук түзүлүшү ж-дө этногр. маалыматтар ж-а уламыштардын негизинде кыргыздардын этностук курамын көргөзгөн ж-а келип чыгышын далилдөөгө аракет кылган. Императордук орус геогр. коомунун анык мүчөсү болгон ж-а ал коомдун алтын медалы м-н сыйланган.
Эмг.: Опыт выяснения этнического состава киргиз-кайсаков Большой Орды и кара-киргизов. «Живая старина», 1894. в. 3–4; Заметки об этническом составе тюркских племён и народностей и сведения об их численности, СПБ, 1897. Т. Асанов.