АРХИТЕКТОНИКА
Jump to navigation
Jump to search
(гр. architektonike – курулуш өнөрү) – архитектурадагы эстетиканын сырткы көрүнүшү, негизги ж-а ага байланыштуу каражаттардын көлөмү м-н кооздолушу жагынан шайкеш келиши. Бардык архитектоникалык каражаттар ж-а ыкмалар композициянын предметтик-маанилик элементтери м-н тыгыз байланышта болуусу керек, б. а. имараттардын ж-а курулмалардын конструкциясы ж-а анын ар кандай бөлүктөрү өз ара жарашыктуу биригип, эстет, жогорку деңгээлге жетет.